"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Советтик жоокерлердин ооган жергесинен чыгарылганына 30 жыл

15 Февраль 2019 жыл 19:43
Көрүүлөрдүн саны: 49

2019-жылдын 13-февралында Тогуз-Торо  районундагы  №7Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинде «Советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылганына 30 жыл» деген темадагы чакан кече өткөрүлдү.

Концерт 9-класстын окуучулары тарабынан уюшулган. Бул тууралуу концерттин уюштуруучусу, тарых мугалими Зарина Чотурова билдирди. Концертке Тогуз-Торо районунан Ооган согушуна катышкан 3 ардагер чакырылган. Алар: Жумадил Мааткалыков, Марат Исмаилов жана Таалайбек Касиев. Булардын ичинен Жумадил Мааткалыков Сары-Булуң айыл аймагынан  катышкан. Ал эми эки ардагер Тогуз-Торо районунун башка айылдарынан барышкан.

Кеченин жүрүшүндө мектеп окуучулары  ооган согушу боюнча кенен маалымат беришип, театрлаштырылган оюндарды көрсөтүшүп, келген ардагерлерге жана окуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты.


Ооган согушуна Тогуз-Торо районунан жалпы 19 жоокер аттанган.  Алардын үчөө согуштан курман болуп, калган 16 жоокер мекенине кайтып келген.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова