Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылындагы «Седеп» балдар бакчасында 23-февраль «Ата Мекенди коргоочулардын күнү» белгиленди.
Бул тууралуу бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенген Анара Токтойт кызы билдирди.
Бала бакчадагы концерт ыр, бий жана оюн зоок менен коштолду. Концертти бала бакчада тарбияланган «Орто курактын» балдары коюп беришти.Концертке бардык ата-энелер келип катышышкан.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова