"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Жалпы мугалимдерге көрсөтүү менен тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү

24 Февраль 2019 жыл 19:21
Көрүүлөрдүн саны: 59

Жалал-Абад облусуна караштуу Иса Иманбердиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби республикалык 60 мектептин арасынан пилоттук мектептин катарына кирген. Бул мектептин материалдык техникалык базасы мектеп директору Гүлзада Шайыкованын аракети менен жогорку деңгээлде чыңдалган.

Бул тууралу “Тилектеш Эл Коомдук”бирикмесинин орун басары Айпери Асылбекова билдирди: “Дал ушул көрсөткүчтүн аркасында КРнын  билим беруу жана илим министрлигинен электрондук китепкана 1 млн 500 миң сомдук 20 компьютер, ноутбуктар жана проектор сервери менен камсыз болгон. Электрондук китепкананын артыкчылыгы бул мугалимдерге жеңилдик жана окуучуларга жакшы багыт. Электрондук китепкана  9 предмет боюнча программаны өзүнө камтыйт.

Башталгыч класстарга » Ай билим», жогорку класстарга «Билим булагы» сайтындагы программалар кирген. Аталган мектептин мугалимдери электрондук китепкананын жардамы менен сабактарды өтүп,  райондун  жалпы мектептериндеги мугалимдерге көрсөтүү менен тажрыйба алмашуу семинары болуп өттү»,-деди.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова