Бул иш чарага баардык мекемелер, жаштар катышышты. Тогуз-Торо райондук тарыхый Этнографиялык музей тарабынан «Кылым карыткан кыргыз калпагы» аттуу сүрөт көргөзмө чыгарылды.

Жөө жүрүшкө чыккан Эмил Жумабаев: “Азыркы учурда улуттук кийимдер көбөйүп, жанданып бараткандыгы кубандырат.Ушундай иш чаралар байма-бай өткөрүлүп турса, улуттук балуулуктарыбызды, тамак-аштарыбызды даңазаланып, эстелип турат.Биздин кийинки муундарыбыз эстеп турат”, -деп оюн билдирди Э.Жумабаев.

Тогуз-Торо районунда буга чейин да калпак күнү белгиленип келген.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова