"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Семинар өткөрүлдү

15 Март 2019 жыл 20:43
Көрүүлөрдүн саны: 62

№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Инновациялык окутуу-терең билим берүүнүн пайдубалы” аталышындагы семинар өткөрүлдү.

Аталган семинардын жүрүшүндө мектептин орус тили кыргыз тили жана англис тили мугалимдери техникалык каражаттарды колдонуу менен ачык сабактарды өтүштү.Бул семинарга райондогу ар бир мектептен келген мугалимдер катышышты. Семинардын жүрүшүндө тарых мугалими Зарина Чотурова даярдаган “Акыл ордо” таймашы болуп өттү.

Бул таймашка 9-10-класстар катышты.Ошондой эле “Коомчулук, ата-эне-мектептин ийгилиги жеткирүүчү келсе” деген теманын алкагында талкуу жүрдү.Талкууга мугалимдер,ата-энелер семинарга келген райондук билим берүү өкүлдөрү, милиция кызматкерлери  жана окуучулар катышты.

Даярдаган:  Азем Маратова