"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо Аялдардын күнү белгиленди

15 Март 2019 жыл 20:30
Көрүүлөрдүн саны: 62

Раймамадминистрация тарабынан 8-март аялдардын эл аралык кунуно карата майрамдык салтанат болуп, концерттик программа тартууланды. Райондук акими Айбек Кожошов райондун айымдарын майрамы менен куттуктап сыйлык жана белек тапшырды.

Майрамдык иш чарага  райондун акими Айбек Кожошов,айыл өкмөттүн башчыларынын атынан Бакдөөлөт Бобукеев, мекеме ишкана жетекчилеринин атынан Өмөр Дөөлөтөв, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Гүлжамал Шайнаевалар куттукташты.

Мындан сырткары Сары-Булуң айыл аймагынан Калиман Касымова, Алтын Сарбагышоваларга сыйлык тапшырылып жана 10 айымга белектер берилди.

Бул туралуу Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова билдирди.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова