"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айымдар үчүн дил маек өткөрүлдү

16 Март 2019 жыл 23:01
Көрүүлөрдүн саны: 58

Тогуз-Торо райондук аялдар кеңешинин демилгеси “Лидер айымдын ийгилиги кантип жаралат? деген темада дил маек өткөрдү.

Аталган дил маекке Тогуз-Торо районуна караштуу 5айыл өкмөттүн бир кездеги элдин ардагерлери, райондук, облустук аял депутаттары, жергиликтүү кеңештин айым депутаттары, активист айымдар, райондогу жетекчи айымдар катышты.

Максаты жергиликтүү айылдык  кеңешинин айым депутаттары менен жолугушуу жана иш жүргүзүүнүн жолдорун айкындоо. Гендердик саясатты турмушка ашыруу, аялдардын коомдук саясий иштерге катышуусуна көмөк көрсөтүү.

Ошондой эле айылдык кеңештин депутаттык кызмат ордунда айымдардын  санын көбөйтүү, лидерлик теңчилик, аялдар лидерлиги жана гендердик бюджеттөө жана  жергиликтүү айылдык  кеңештеги депутат айымдардын ролу, элеттик айымдардын укугу темасында маек жүрдү.

Жыйынтыгында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары Гүлжамал Султангазиева: “Эгерде лидер айым, лидерлигин көрсөтсө, сөзсүз элдер,кош колдоп көтөрүп алат.Мисалга алсак,Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңештин 2жолку чакырылыштагы депутаты Бейшегүл Кыдыкбаева иш чараларга активдүү катышып келет.Ошон үчүн бекеринен 2жолку чакырылыштагы депутаты болгон жок”-деп оюн айтты.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова