"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

8-март кандай майрам?

30 Март 2019 жыл 21:34
Көрүүлөрдүн саны: 59

“Гендердик теңчилик ” программасынын алкагында “8-март кандай майрам” деген темада сүйлөшөбүз.  Алгач айыл тургундары бул майрам  тууралуу өз ойлорун айтып өтүштү.

Андан соң Тогуз-Торо администрациясынын биринчи орун басары: Гүлжамал Султангазиевага “Жергиликтүү бийлик айылдык айымдарды 8-март майрамында кантип көңүл бурат”деген суроо менен кайрылганыбызда “ Аялдардын эл аралык майрамына карата райондо аялдардын укугун коргоо боюнча ар кандай иш чаралар жана райондун лидер айымдары менен жолугушуу өткөндүгүн билдирди”.

Ал эми  эң биринчи маселени көтөрүп чыккан. Бул туурасында ”Гендердик эксперт Рима Султанова сөз кылды. “8-март тарыхын карап чыксак, эң биринчи маселени көтөрүп чыкканы, аялдардын саясий жана экономикалык жактан корголушу болгон.Биздин аялдардын тарыхын карап чыксак, алар шайлоого катыша албай, оздөрүнүн кандидатурасын коё албай ошол маселени көтөрүп чыгышкан.”

      

Эскерте кетсек,  8-март Аялдардын тең укуктуулугу үчүн көтөрүлүшүнөн чыккан майрам. 1910-жылы Клара Цеткин “Аялдардын укугун коргоо күнүн” өткөрүүнү сунуштаган.Тарыхта аялдардын укугу корголгон кун катары  таанылып, ошондон кийин ар кандай тармакта эмгектенген айымдар жетекчилик кызматтарда иштей баштаган.

  Даярдаган: Азем Маратова