"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Аялдарсыз саясат болобу?

3 Апрель 2019 жыл 21:50
Көрүүлөрдүн саны: 109
      Sary-Bulu-_-Ayaldarsyz-sayasat-bolobu

2012-жылы Кыргыз Республикасы биринчи жолу узак мөөнөттүү документ – 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Улуттук стратегияны кабыл алган. Анда экономикадагы аялдар, кыздар жана аялдар үчүн билим алуу, сот адилеттигинен пайдалануу жана саясий тең укуктуулук сыяктуу өнүгүү артыкчылыктары аныкталган.

Азыркы күндө Сары-Булуң айыл өкмөтүндө  3 айым иштеп атат. Ал эми  Сары-Булуң айылдык Кеңешинде 1депутат аял аркалап жатат.

Тогуз-Торо айылдык кеңештин депутаты  Гүлжамал Шайнаевадан “эмне үчүн жергиликтүү кеңеште аял депутаттар аз?” Канткенде аймактарда гендердик теңчиликке жете алабыз деп сураганыбызда төмөндөгүлөрдү айтты:“Депутат болуш үчүн биринчи калоо керек деп ойлойм. Адам өзүнүн алдына максат коюп, мүмкүнчүлүгү келгенде, бош убакыт болуп калганда, аны жөн кетирбей, дагы бир жолу, эл үчүн,аялдар үчүн, алдына максат коюп, анан депутат болсо болот. Бирок, ага да кошумча эл тарабынан, үй бүлө тарабынан колдоо керек деп ойлойм”

Расмий маалыматка ылайык, аялдар жергиликтүү кеңештердин 16 пайызын гана түзөт. Эмне үчүн айылдык кеңеште 1 депутат айым иштеп атат. Сары-Булуң айылдык Кеңешинин депутаттарын шайлоодо 3аял кандидаттыгын койгон.2аял өтүп, бирөө добуш ала ала албай калган. Депутаттыкка өткөн аялдардын бири депутаттык мандатын өткөрүп берген.

Шайлоого канча айым катышкан. Эмне үчүн 1 айым өттү ушул суроо менен  Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрагасы  Дамир Тагайбек уулуна кайрылдык:“Сары-Булун айылдык Кенешине 1аял депутат болуп откон эмес. Озу 2 округ болгон. Кара-Суу жана Табылгыты Кара-Суудан 7депутат шайланыш керек болчу. Табылгыты шайлоо округунан 4депутат шайланыш керек болчу.4орундан 2 аял кандидаттыгын корсотуп, депутат болгон. Бироо  добуш ала албай отпой калган. Ал эми, Кара-Суу айыл округунан 1 аял жолдош коюп, депутат болгон. Мектеп директору болчу.Озунун кызматы керек болду окшойт. Депутаттыкты эмес, кызматын тандап, депутаттык мандатын кайра өткөрүп берген. Эмне учун 3эле аял кандитаттыгын корсотуп, калды дегенге аялдардын коомго  аралашуусунун томондугун корсотуп турса керек”.

Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы аялдардын ролу коомдо аябагандай зор экенин көрсөттү. Кыргызстандагы абалга келсек, башкаруу жана чечим кабыл алуучу жерлерге аялдардын келишине мыйзамдык тоскоолдуктар бар.Аялдар саясатка келүүсү менен кандай өзгөрүүлөр болду? Алар кандай маселдени көтөрө алышкандыгы тууралуу “Аялдарды коргоо борбору” уюмунун адиси Бакен Досалиева төмөнкүлөргө токтоло кетти.“Аялдар менен эркектердин чечим чыгаруу деңгээлде бирдей өкүлчулүгүнун болушу бул өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин жашоосунун оңолушуна чоң таасирин тийгизет. Ийгиликтүү эркектин артында  мыкты аял турат.Жогорку Кеңештин деңгээлинде аялдар эмне кылып жатышат, аялдар тынчтыкты куруу, коопсуздук маселесине көңул бурушуп, жанагы үй-бүлөдөгү зомбулукту азайтууга ала качууну азайтууга кыздарды эрте турмушка берүүнү, азайтууга аракет кылып жатышат.Ошондой эле, айыл жергесиндеги  айымдепутаттар да ушул маселенин үстүндө иштеп жатышат.Мамлекеттик деңгээлде аялдардын билимин ушундай мамилесин колдонсо жакшы болот эле.”

Айта кетчү нерсе : Ушул тапта жергиликтүү кеңештеги депутаттардын 11 пайызын аял, парламентте 15 пайыз өкмөттө 12 пайыздан ашуун түзөт.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова