"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Дыйкан фермерлер үчүн семинар

13 Апрель 2019 жыл 21:30
Көрүүлөрдүн саны: 75

«Жердин кыртышын себууго даярдоо жумуштарын аткарууда, айыл чарба техникаларын эрежеге ылайык пайдалануу» боюнча практикалык семинар өтүлдү.

Бул туралуу Тогуз-Торо райондук администрациясынын адиси Алмаз Калманбетов билдирди.

Көк-Ирим айыл өкмөтүндөгү «Ак-Талаа» участогунда өткөрүлду. Ага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Улан Иманбердиев, айылдык аймактын башчысы Кадырбек Эпеев, айыл башчылар, айыл аксакалдары жана кызыккан дыйкан-фермерлер катышты.

Семинарга Көк-Ирим МТС ишканасынын 3 МТЗ трактору, 2 соко, 2 мала, 1 сеялка катышты. Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Алмаз Жумабаев жана жайыттарды башкаруу боюнча адис,аграном Жыргалбек Абдыжапаровдор тарабынан жеткиликтүү маалымат берилди.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова