"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда вело жүрүш өткөрүлдү

13 Апрель 2019 жыл 20:54
Көрүүлөрдүн саны: 69

7-апрель Буткул дүйнөлүк Ден соолук күнунө карата райондук денгээлде спорттук иш чата өткөрүлдү.

 

Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук администрациясынын адиси Наргиза Нургазиева билдирди.

Жалпы дарыгерлер борборунун кызматкерлери тарабынан катышуучулардын кан басымы жана кандагы канты текшерилип атайын машыктыруучунун жетектөөсүндө эртен мененки көнүгүү (гимнастика) жасалып, жыйынтыгында Казарман айылынын негизги көчөлөрүндө вело-журуш өткөрүлду.Спорттук иш чара раймамадминистрациясынын демилгеси менен А. Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер борборунун уюштуруусу, Райондук жаштар кеңеши, Тилектеш Эл коомдук бирикмеси, Отор Чопиев атындагы спорт мектебинин колдоосу  жана райондогу мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин катышуусу менен өткөрүлду.

Катышуучулардын коопсуздугу Райондук ички иштер бөлүмүнүн  кызматкерлери тарабынан жогорку деңгээлде камсыз кылынды.

 Даярдаган:  Нуриза Рыскулова