"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

№.7 Ташемир Сатыбалдиев орто мектебинде «Көк бөрү” кинотасмасы көрсөтүлдү.

16 Апрель 2019 жыл 13:53
Көрүүлөрдүн саны: 86

2019-жылдын 15-апрелинде №7 Т. Сатыбалдиев орто мектебинде “Көк бөрү” кинотасмасы көрсөтүлдү. Киного, аны көрүүгө кызыккан окуучулар кирип катышышты. Билет баасы 50 сом болгон.

Бул тууралуу №7. Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин тарбия завучу Жылдыз Молдобаева төмөнкүлөрдү билдирди: “ №7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине “Көк бөрү тасмасы келди. Ага 100дөн ашуун окуучулар катышышты. “Көк бөрү”тасмасын көрүп жатканда балдар абдан кызыгуу менен көрүштү. Анткени тасма аябай жогорку деңгээлде ,балдарды патриоттуулукка, эрктүүлүүккө, кайратмандыкка тарбиялаган кино экен. Көрүп олтуруп, балдардын жүздөрүнөн кубанычты, сүйүнүчту көрдүк, ошондой эле аябай кызыгуу менен көруштү. Билет баасы 50 сомдун тегерегинде алынып келип сатылды”- деп билдирди Ж.Молдобаева

Кино тууралуу мектеп окуучусу  Аманбай Келгенбай уулу мындай деп билдирди: “ Көк бөрү киносу менин оюмча жакшы болду. Жогорку деңгээлде тартылган тасма экен.  Бул кинону көргөндө өзүмө жакшы таасир алдым. Мисалы: Патриоттук сезимдер, боорукерликке, тайманбастыкка, өзүңдүн жериң үчүн, мекениң үчүн жаныңды аябай, жаның канчалык ооруса дагы ага карабастан, кыйынчылыктарды жеңип чыгууга аракет кылууга бел байлаш керек, деген сабактарды алдым»- дейт А.Келгенбай уулу

Буга чейин да мектепке көптөгөн кинотасмалар келип көрсөтүлүп турган.

Даярдаган: Чынаркүл Улукбек кызы