"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң айылдык Кеңешинде 1 эле аял депутат бар

20 Апрель 2019 жыл 19:09
Көрүүлөрдүн саны: 78

Азыркы күндө Сары-Булуң айылдык Кеңештин 11 депутаттын арасында 1 эле аял депутат иштеп жатат.

Сары-Булуң айылдык кеңештин депутаты  Лариса Токтоналиевадан  “эмне үчүн бул демилгени көтөрүп чыктыңыз?” деп сураганыбызда төмөндөгүлөрдү айтты:

“Мен депутат болгонго чейин эле  мектепте иштегендиктен, мектептин чатырынын абалы начар болгондуктан, чатырлары сынып, кластын ичтерине тамчы таап тургандыктан, абалын ондосом деген ой келип жүргөн.Мектептин абалы ушундай, ушуну кандай кылып, жабдып алсак деген ой болуп жургон. Анан Мерсико уюмунан долбоор болуп калып, ошону ишке ашырып, ага проекти жазгандан кийин, астыңкы төлөм болмоюнча, алар деген  долбоор ишке ашпайт экен. Окмотко сунуштап,депутаттарга сунуштап, биздин мектептин абалы ушундай астыңкы төлөм  болсо ошону колдоп бериңиздер. Биргеликте айылдын депутаттары,Кара-Суу айылдын депуттары менен 500миң сом болот экен ошону чечип алып, мектептин чатырын жабдып алдык”.

Ушул эле суроо менен Сары-Булуң айылдык Кенештин депутаты Мендебай Бараталиевге кайрылдык:

“Мектебибиз, айылыбыз таза суу менен камсыз болуш керек.Ал жерге  окуучулар таза-суу чыгарыш керек болуп, ушул демилгени алып чыгып, мектепке, тамак ичкен балдарга колун жууш керек.Санитардык талапка жооп бериш керек.Айым депутатыбыз бар.11депуттаттын арасында Лариса Токтоналиева деген ошонун демилгеси чоң бул жерде.Мектептин чатырын жабуу, мурунку чатыры ар кайсы жерден сынып, авариялык абалда болуп келген”.

Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылындагы мектеп, бала бакча таза суу менен камсыздалды.

Айыл тургуну Жумабек Ысманов “Бул депутат айым көтөрүп чыккан демилгенин натыйжасында айылдагы көйгөй канчалык деңгээлде чечилди ?  деп  сураганыбызда төмөнкүлөргө токтолду”.

“Негизинен, көйгөй көп айылда.Биздин депутаттар 2016-жыл шайлоо болгон айылдык депуттарга.Ошондон бери  мектепке суу киргизди.  Мектептин чатырын  жаап беришти.Таза суу жакшы болду.Мектептен сырткары 3-4 жерден суу чыгып калды”

Кыргыздар эч убакта аялды басынткан эмес.Тарыхка үңүлсөк Курманжан датка сыяктуу эл баштаган аялдар да чыккан. “Буларга эмне дейт элеңиз, көз карашыңыз кандай” деген суроого Гендердик эксперт Рима Султанова мындай дейт:

“Эң керектүү бул айылдык Кеңеште аялдар менен эркектер менен чогууу бир маселени көтөрүп, аны ишке ашырганга жолдорду карап чыгып, мисалы 11 депутаттардын арасында 1эле аял иштейт.Ошол айым депутатыбыз  мындай маселени көтөргөнү, мектепке керек нерсени же ремонт жасалганы ошол бюджети ичинен карап чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетинен өзүнчө статьяны  атайын карап чыгып, мектепке кетиргенде.Ошол маселени кадимки сессиялардан ошол жөнүндө айтып берди.Айым депутатыбыз ошол проблеманы көтөрүп чыкты”.

Айта кетчү нерсе: саясий мамлекеттик кызмат орундарындагы аялдардын үлүшү 12пайызды түздү,муниципалдык саясий кызмат орундарында бул көрсөткүч пайызга барабар.

Даярдаган: Азем Маратова