"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Бир адамдан бир китеп»акциясы Сары-Булуң айылында

21 Апрель 2019 жыл 9:22
Көрүүлөрдүн саны: 143

Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айыл аймагында «Бир адамдан бир китеп” акциясынын негизинде жүрүш өткөрүлдү.

Республикалык деңгээлде жүрүп жаткан “Бир адамдан  бир  китеп” акциясы     Сары-Булуң айыл аймагында дагы өткөрүлүп жатат.Бул акциянын негизги  максаты мекенибизде китеп окууну даңазалоо. Шаар, регион, алыскы  айылдарда китеп жетишсиздиги жана китепкана көйгөйлөрүн чечүү болуп  эсептелинет.Бул акцияга ар бир жаран катыша алат жана  мүмкүнчүлүгүнө   жараша китеп же китеп сатып алуу үчүн акчалай берсе дагы болот.

Акциянын  негизинде Сары-Булуң айылында да жүрүш  өткөрүлүп, акциянын  мектеп окуучуларынан жана мугалимдерден уюшулган ыктыярчылары, айыл  ичин толук кыдырып айыл элине бул акция тууралуу түшүндүрүү иштерин   жүргүзүп, айыл эли берген китептерди жана атайын уюштурулган кутучага  акчалай берген сумманы чогултуп долбоордун уюштуруучуларына жаңы  китептерди сатып алып келүү үчүн  өткөрүп беришти.Бул акцияны айыл эли  жакшы  кабыл алып колдоо көрсөтүшөөрүн билдиришти.

Чалдовар айылынын тургуну Шайырбү Оркошова “Китеп  окуу жаштардын  келечегине өтө чоң салым кошот.Бул акция бизге абдан керектүү экен.Ар  дайым китеп окуган жаштарыбыз көбөйө берсин”деп  билдирди. Ошондой эле бул акцияны айылдык кеңештин депутаттары  Сүйүнбек  Мааткалыков, Тагайбек уулу Дамирлер акчалай колдоо көрсөтүштү жана Тогуз-Торо  райондук администрациясынын башчысы аким Айбек Кожошов  дагы  кайдыгер карабай өз колдоосун көрсөттү.

Бул акция май айларында жыйынтыкталып айылдык китепканага жаңы  китептер келип ачылышы болмокчу.

Бул тууралуу  “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун Сары-Булуң   айылындагы координатору Генийал  Бекташов  билдирди.

Даярдаган:  Азем  Маратова