"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары “Гендер жана медиа” семинарында

1 Май 2019 жыл 10:21
Көрүүлөрдүн саны: 139

Жалал-Абад облусунун, Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында жайгашкан “Сары-Булуң” жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Нуриза Рыскулова жана Азем Маратова, мультимедиа борборунун координатору Анара Мааметованын жетекчилиги астында, Бишкек шаарында өтүлгөн “Гендер жана медиа”семинарына барып катышып келишти.

Семинарга барган ыктыярчылар  гендер, гендердик стереотип, укуктар, ж.б окуулардан өткөрүлдү. Семинардын негизги тренери  АУЦАнын Журналистика факультетинин окутучуусу Элира Турдубаева болду.

Трентингдин жүрүшүндө  Аялдарды Коргоо борборунун директору Бакен Досалиева, жана Сингапурдан, эксперт: Kalinga Seneviratne  келген.  Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Даярдаган:  Нуриза Рыскулова