Адам сатуу деген түшүнүк биздин мамлекет өз алдынча болгон жылдардан тарта келип калды.Баарына маалым болгондой ал жылдардан соң өлкөдө кыйынчылыктар боло баштап, жарандар эптеп акча табуунун аракетин көрүп калышпадыбы.Мына ушундай аракеттердин натыйжасы менен көп нерсеге маани бербеген түшүнгү аз жарандар адам сатуунун курмандыгына айланып, калышууда. Бугунку кундо ички министирлигинин маалыматы боюнча зомбулукка кабылгандарын 95 пайызы аялдар.
Кыргызстан боюнча чет өлкөдө жүргөн адамдардын саны анын ичинен аялдар канча кетти? деген суроо менен Кыргыз ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик жарандардын чет ѳлкѳдѳгү эмгек миграциясы бѳлүмүнүн башчысы Улан Шамшиевге кайрылдык:
“Азыркы мезгилде КРнын чет мамлекетте жүргөн жарандардын саны 790миңден ашуун болуп калды.Бул 2018-жылдын статискасына караганда.Акыркы 2жылда теңденция байкалып атат.Бул мигранттардын арасында аялдардын санынын көбөйүшү.Эгерде 2014-2015-жылдарга салыштырмалуу алсак, ал жерде аялдардын саны 38 пайызды түзсө.Азыркы мезгилде бул көрсөткүч 48-49 пайызга чейин жогорулады.Бул көрүнүштүн негизги себептери үй-бүлөлүк миграция күч алып атат.Биринчиден үй бүлө менен чогуу финансылык жактан КРнын жарандары акча тапканы аңгайуу болуп жатат”
Биринчи себеп болуп үй бүлөлүк миграциясынын көбөйүшү себеп болгон. “Азыркы күндө актуалдуу маселе болгон кыз келиндердин, чет элде кулчулукка, зордук зомбулукка кабылганы, себептери эмнеде” бул туралуу айыл тургуну Асылкерим Кыдыков мындай дейт: “Адамдар биринчиден турмуш шартынын оордугунан байланыштуу чет мамлекетке барышат.Мамлекеттик деңгээлде, ошол адам затынын турмуш шартына байланыштуу элди кызматка орноштуруу,иштерди таап берүү жагы да, биздин мамлекетте жетишсиз.Мамлекет тарабынан чет мамлекетке кетип жаткан адамдарды, контролдоп, көзөмөлгө алуу жагы начар.Ошонун негизинде болуп жатат.Эгерде мамлекеттик деңгээлде, кайсы жакка кетип баратканын, өз учурунда тактап, жөнөтүп мындай жолго барбайт беле менин өзүмдүн пикирим ушул”
Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмековадан “Адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча кандай иштер аткарылып жатат” деп сураганыбызда төмөндөгүлөрдү айтты:“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга карата “Адам сатууга каршы күрөшүү” программасынын негизинде айыл өкмөтүндө иш чара кабыл алынган. Ошол иш чаранын негизинде иштер жүрүп жатат.Биз айыл өкмөтүндө эле эмес мектептерде, бала бакчаларда адам сатуу боюнча иштер жургүзүлүп жатат десек болот.Көптөгөн иш чаралар өткөн, алардын ичинде айыл өкмөтүндө ачык эшик кунүн өткөргөнбүз.Ошол ачык эшик күнүндө, айыл тургундарына адам сатуу боюнча толук малыматтар берилген.Бүгүнкү күндө айыл өкмөтү боюнча адам сатууга карата иштер жана мажбурлап иштетүү жөнүндө фактылар катталган эмес”
“Кулчулукка жана адам сатууга каршы иш чаралар өтүп турабы?” деп Сары-Булуң айыл аймагына караштуу №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин завучу Жылдыз Молдобаевадан сураганыбызда буларды айтты:
“Биздин №7 Таштемир Сатыбалдиев жалпы билим берүүчү орто мектебинде 17-сентябрдан 17-декабрга чейин “Адам сатууга каршы күрөшүүгө 100 күн” аталышындагы иш чара түзүлуп, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Мектепте тарбиялык сааттар өтүлүп турат.Слайд көрсөтүлүп,түшундүрүү иштерин жүргүздүк. Окуучулар арасында”Адам сатууга каршыбыз”деген темада дил баяндар жазылды.Адам сатууга каршы күнүнө карата спорттук оюндарды өткөрүп турабыз”
Чет жакка чыгуу- жоопкерчиликтүү чечим.Ошондуктан чыгуудан мурда, максималдуу түрдө даярдык көрүп, ар тараптуу мааллыматка ээ болуп, анан чечим чыгарыңыз.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова