"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Парктар жүрүшү-2019” акциясы өтүүдө

3 Май 2019 жыл 15:42
Көрүүлөрдүн саны: 116

Тогуз-Торо районунун айыл аймактарында “Парктар жүрүшү-2019” жумалыгында үй –бүлөлүк  спорттук эстафета жана Манастагы биоартүрдүүлүк флешмобу өткөрүлдү.

Үй-бүлөлүк спорттук эстафета №1 Тоту Мойдунов орто мектеби жана Кан-Ачуу жаратылыш паркы менен биргеликте уюшулду.

Үй-бүлөлүк эстафетанын мааниси: экологиялык, табият көйгөйлөрүнө үй-бүлөнүн көңүлүн толугу менен бурдуруу.Үй-бүлөнү балага туура экологиялык тарбия берүүгө үйрөтүү жана адамдарга да табият көйгөйлөрүнө көңүл бөлүүгө чакырык таштоо болгон.

Үй-бүлөлүк эстафетанын жүрүшүндө пингвиндин жарышы, суурдун ийинине кирүү, боулинг оюну, коен секирик, кенгурунун жарышы, маймылдын баласын тамактандыруу, жаа атуу жарыштары, интеллектуалдык суроо жооптор менен коштолду. Бул тууралуу №1 Т.Мойдунов орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлбара Султаналиева билдирди.

Ал эми Манастагы биоартүрдүүлүк флешмобу №2 Асан Абдраимов орто мектеби парктар жүрүшү акциясын ачып, баштап берди.

Анда кыргыз жергесинин табиятын, жаратылышынын кооздугун, жаныбарлардын,өсүмдүктөрдүн көптүгү Манас эпосундагы сүрөттөлүшү болду.Бул иш чараны өткөрүүнүн негизги максаты Манастан бери түптөлүп келе жаткан жаратылышты сактоо чакырыгында өткөрүлгөн.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова