"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сүрөт баян: “Парктар жүрүшү- 2019” акциясынын салтанаттуу жөө жүрүшү Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылында өттү.

3 Май 2019 жыл 15:22
Көрүүлөрдүн саны: 140

Бул  иш чарага Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошов, Көк-Ирим айыл өкмөт башчысы Кадырбек Эпеев,Атай айыл өкмөт башчысы Бакдөөлөт Бобукеев, «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркынын директору Сабырбек Эсенканов, Атай жана Көк-Ирим айыл аймактарынын коомдук активистери, парк кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышты.

Арал айылдык маданият үйүнүн астында салтанаттуу иш чара өтүлүп, концерттик программа тартууланды.

Андан соң, жөө жүрүштүн катышуучулары эскерүү аянтчасына жана мечиттин айланасына 10 көк карагай, 300 терек көчөттөрүн тигишти.

«Кана -Ачуу» жаратылыш паркынын кызматкерлери заманбап жабдыктары жана иши тууралуу демонстрация жасашты.

Акырында Көк-Ирим айыл аймакта тазалык  ишембилик өткөрүлдү.

Бул туралуу «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркынын директору Сабырбек Эсенканов билдирди.

Даярдаган: Албина Бейшеналиева

Мыкты сүрөт сынагына