"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Жаш жеткинчектер Алиппе менен коштошту

4 Май 2019 жыл 21:12
Көрүүлөрдүн саны: 191

№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 1-класстын «Алиппе алтын ачкычым» аталышындагы салтанаттуу коштошуу кечеси болуп өттү.

Бул салтанаттуу кечеде окуучулар манас айтып,»Мен кыргыздын уулумун»ырын жана акыйнек,тамсилдерди аткарышты.Балдар, кыздардын аткаруусундагы кыргыз бийлери да тартууланды.
Ошондой эле окуучулар ата-энелери менен биргеликте дагы бий аткарышты.
«Алиппе алтын ачкычым» коштошуу кечесинде окуучулар бир жыл ичинде үйрөнгөн тамга жана математикалык сандар тууралуу түрдүү ырларды да айтышты.


Жыйынтыгында мектеп директору Венера Эпеева Алиппе бүтүрүүчүлөрүнө куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
1-класста жалпы 21 окуучу окуйт.Класс жетекчиси Калиман Маткеримова.


Бул тууралуу 1-класстын класс жетекчиси Калиман Маткеримова билдирди.

Даярдаган: Азем Маратова