"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленип жатат

5 Май 2019 жыл 20:13
Көрүүлөрдүн саны: 71

  Райондук маданият үйүндө мамлекеттик тилдин 30жылдыгына арналган, айыл аймактар арасында сынак өткөрүлүп ага Сары-Булуң айыл өкмөтү да катышкан.

Бул тууралуу Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн адиси Бурулсун Эрмекова билдирди. Сынакта  Көк Ирим айыл өкмөтү менен Сары-Булуң айыл өкмөтү ат салышып,  көрүүчүлөргө ыр маанай тартуулашты.

Концерттик программа 7номерден туруп анын ичинде ыр, бий, манас айтуу, дастан айтуу, сатиралык чыгарма ж.б камтылган.

Сары-Булуң айыл өкмөтүнөн жалпы 29катышуучу катышкан.

Бул өткөрүлүп жаткан сынак райондук деңгээлде уюшулуп, ар кайсы айыл аймактар ат салышкан. Жыйынтыгында Сары-Булуң айыл өкмөтү 326 упай, Көк-Ирим айыл өкмөтү 299 упайга ээ болушуп, Сары-Булуң айыл өкмөтү жеңишке жетишкен.

Даярдаган:  Нуриза Рыскулова