"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Акылмандар таймашы Акыл-Ордо»

7 Май 2019 жыл 7:50
Көрүүлөрдүн саны: 64

Тогуз-Торо районунда Парктар Маршы 2019 акциясынын алкагында өткөрүлгөн биоартүрдүүлүк боюнча «Акыл Ордо» интеллектуалдык оюнунун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Биоартүрдүүлүк боюнча Акыл Ордо таймашынын жеңүүчүсү болуп райондогу Атай айылынын 9-классынын окуучусу Сыймык Сатыбалдиев аныкталды.
Сыймыктын айтымында жеңишке жетишүү ага оңойго турган жок.

Ал окуучулар арасында жарыяланган «Биоартүрдүүлүк мен үчүн эмне?» «Биоартүрдүүлүктү сактоонун мааниси»аттууэсселердин кароо сынагына катышып, натыйжада район боюнча алты утуучунун катарына кирип, Акыл Ордо таймашына жолдомо алган.
Жыйынтыгында таймаштын жеңүүчүсү болуп планшет мобилдик телефону менен сыйланды.Мындай иш- чаралар окуучулардын арасында экология, биология, география илимдерин өздөштүргөнгө жана жаратылышты сактоого чакырат деп билдирди сынактын жеңүүчүсү Сыймык.


Ал эми бул долбоордун Тогуз-Торо району боюнча ыктыярчысы Алтынай Жеңишова буларга токтолду: “Акыл Ордо оюнуна катышууга 9-класстын окуучулары үчүн алынган эссе жазуу сынагы коюлуп,андан райондогу 3 мектептен 13 окуучудан 6 окуучу тандалып алынган.Башкы байгеге БарктабасТашматов атындагы орто мектебинен Сыймык Сатыбалдиев,ал эми экинчи орунга Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин окуучусу Индира Шамыркан кызы ээ болду.Бул интеллектуалдык таймашты «Парктар Жүрүшү -2019» акциясы жумалыгынын ГЭФ-ПРООНдун «Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер,токой ресурстарын сактоо»долбоорунун колдоосунда «Кан Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркы уюштурду.


Парктар жүрүшүнүн максаты коомчулуктун экологиялык аң сезимин  ойготуу жана жаратылыш менен сыймыктанууга  көңүлүн бурдуруу болуп эсептелет.

Даярдаган:  Азем Маратова