"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Ала качуу кылмышын бирге токтотолу!

18 Май 2019 жыл 21:55
Көрүүлөрдүн саны: 93

Көбүнчө ала качууга дуушар болгон кыздын кайра өз үйүнө келишин ата-энеси уят деп ойлогон корунуштор бар. Кыз ала качкандар мал уурдагандардан дагы жеңил жаза алууда. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейин турмуш кургандардын саны жалпы никеге тургандардын 13 пайызын түзөт.

Бугунку кундо кайчы пикир жаратууда кээ бири салт катары кабыл алса, кээ бири зордук зомбулук деп кабыл алып келишүүдө. Алгач, Сары-Булуң айыл тургундарынан “Ала качууну жойсо болобу”деген суроо менен кайрылганыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти: “Ала качууну кылмыш эмес деп эсептейм.Себеби жоошураак балдар сүйлөшө албайт.Оюн айта албайт, ала качып, үйлөнбөгөндө, бойдок жүрөбү?Айылыбызда 40-50гө чыккан бойдок балдар толтура.Убагында ала качып, алалбай калган.Өкмөттүн ала качууга салган тыюусуна.Мүмкүн өзүнө окшогон жоош кыздарды ала качып, келип алса, жашоосу уланат эле, балалуу, чакалуу болмок”.

Менин оюм боюнча токтотсо болот.Азыр баары түшүнүктүү, ала качуу илгерки салт менен келген.Азыр бири-бирин түшүнүп, турмуш жолун улантса болот. Аны үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамы чыккан эгер ошонун талабы толук аткарылса, ала качуу токтойт.

Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүү үчүн ала качуу – беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Мисалы, ала качуу деп аталуучу зомбулукка ар бир кыз кабылышы ыктымал. Алар кантип өз укугун коргой алат.”Ала качуу  боюнча мыйзамдар канчалык деңгээлде иштеп жатат” бул туурасында “Аялдарды коргоо борбору” уюмунун адиси Бакен Досалиева мындай дейт: “Ала качуу боюнча мыйзамдар иштейт.Мурда ички иштер орган кызматкерлери ала качууга анча көңүл бурчу эмес.Алар, өздөрү эле  ойлочу салт деп.Арыз болбосо эмне ала качты, кала берббейсиңби же арыз жазып эмне кыласың кетип калбадыңбы деген өздөрү ушундай көз карашта болчу.Азыр атайын инструкциялар, алар үчүн методикалык пособьелер иштелип чыкты.Мыйзамга кошумча киргизилди.Ошондуктан, алар башкача көз карашта.Мындан ары жакшы иштейт болуш керек деп ойлойм.Өзгөчө Бурулайдан кийин бул ички иштер органдары үчүн уят эле иш болду.Өзгөчө жетекчилиги көбүрөөк көңүл бура баштады.Жаңы мыйзамга гендердик кылмыштуулук деген түшүнүк киргенден кийин”.

Мындай кырсыкка ар бир кыз тушугуп калышы мүмкүн. Ошондуктан алар бир топ нерселерди күн мурунтан билип, өз тагдыры үчүн натыйжалуу күрөшүүгө психологиялык, моралдык жактан даярдана жүрүшү керек. Ала качуу кылмышын бирге токтотолу!

  

Даярдаган: Анара Мааметова