"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Бир адамдан бир китеп долбоорунун негизинде китепкана жаңы китеп менен толукталды»

21 Май 2019 жыл 23:08
Көрүүлөрдүн саны: 285

  Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында «Бир адамдан бир китеп»долбоорунун негизинде айылдык китепканага жаңы китептер алынып келип, ачылышы бөлүп өттү.


Бул долбоордун алкагында бул убакытка чейин айыл ичинде жүрүш өткөрүлүп, айыл тургундарынан китеп жана китеп алып келүү үчүн акчалай сумма чогултулган.Ошол иш аракеттердин жыйынтыгында  азыркы убакта айылга 10 000(он миң) акчага жаңы 250гө жакын китептер алынып келип расмий түрдө ачылышы болду.

Бул иш чарагаайыл өкмөт башчысы, мектеп мугалимдери жана окуучулары,айыл тургундары, райондук администрациясынын өкүлдөрү жана дагы райондук китепкана кызматкерлери келип катышышты.

Ошондой эле белгилүү актёр,алып баруучу кино жылдыз , азыркы учурда районубузда көрсөтүлүп жаткан «Жер Тоголок «тасмасынын жаратуучусу Самат Эркинбеков дагы келип сыйлуу мейман болуп куттуктоо сөз сүйлөдү. Ачылыштын жүрүшүндө келген меймандар куттуктоо сөз сүйлөп, бул долбоордун ишке ашышына салым кошкон мектеп окуучуларына жана жалпы эле мектеп жамаатына ыраазычылык билдиришти.

«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун Сары-Булуң айыл аймагындагы координатору Генийал Бекташовго айыл өкмөт башчысы Амангелди Токтоналиев «Ыраазычык кат «тапшырды.

Жыйынтыгында  баардыгы алынып келинген жаңы китептер менен таанышышты.Ошондой эле Самат Эркинбеков атайын «Жер Тоголок» тасмасына 10 билет окуучуларга ойнотуу үчүн алып келип, аларга ар кандай логикалык жана адабий чыгармалар туурасында суроолорду берип, туура жооп узаткандарга киного билеттерди тапшырды.

Даярдаган: Азем Маратова

Мыкты сүрөт сынагына