"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо Энелер күнү белгиленди

21 Май 2019 жыл 22:32
Көрүүлөрдүн саны: 69

Райондо энелер күнүнө арналган салтанат өткөрүлүп, райондун акими Айбек Кожошов, айыл аймак башчылары, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, мекеме жетекчилер,Аксакалдар кеңешинин төрагалары куттукташты.

Энелерге сый урматкөрсөтүлүп, номинациялар жана белектер тапшырылды.Жалпы 200 эне чакырылды.Райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Энелер күнунө карата Сары-Булун айыл аймагынан 16 апа райондук салтанатга  катышып келишти.Көргөзмөгө кол өнөрчүлүктөрүн көрсөтүшүп, ЭЛТР  телерадио каналына Сагынай Таңырыкова, Тамара Курманалиевалар тартылышты.

Бул туралуу Сары-Булуң айыл аймагынан Бурулсун Эрмекова айтып өттү.

Даярдаган: Албина Бейшеналиева