"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Окуучулар арасында акыл ордо таймашы

23 Май 2019 жыл 14:00
Көрүүлөрдүн саны: 85

Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылынын №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинде окуучулар арасында «Акыл ордо» таймашы өткөрүлдү.

Бул таймашка 9-10-11-класстын окуучулары катышышты. Бул таймашты №7 Т.Сатыбалдиев орто метебинин математика мугалими Асылкүл Турсуналиева уюштурган.

Сынактын жүрүшү 3 бөлүктөн туруп, 6 оюнчу  катышып , биринчи бөлүктөн эки катышуучу, экинчи бөлүктөн 2 катышуучу оюндан четтеп, 3-бөлүктөн 1 оюнчу четтеп жеңүүчү аныкталды.


Биринчи бөлүктө суроологор жооп берилип, экинчи бөлүктө категориялар тандалып, үчүнчү бөлүктө Логикалык суроолор берилди.Таймашка катышкан окуучулар бул акыл ордого катышып өздөрүнүн билимдерин сынашты. «Акыл ордонун  жыйынтыгында 10-классынын окуучусу Нурсултан Бегимбай уулу жеңишке жетишти.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова