"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Жаш бөбөктөр бакча менен коштошту

5 Июнь 2019 жыл 17:05
Көрүүлөрдүн саны: 80

Тогуз Торо районундагы «Күнчубак» балдар бакчасында жогорку топтун даярдоо классынын коштошуу кечеси

Кеченин жүрүшүндө атайын даярдалган концерттик программанын жүрүшүндө  балдар кыздандын аткаруусундагы  бийлери, спорттук оюндар, жомоктордон сахналаштырып, ата-энелерге көрсөтүштү.

Жогорку топтун бүтүрүүчүсү Аделина Бейшеналиева  кубанычын төмөндөгүчө айтып өттү:“Бүгүн аябай сүйүнүп атам.Эжекелердин колунан  винетка алганыма.Мунун ичинде баарыбыздын сүрөтүбүз бар экен”.

Ата-энелердин атынан Назгүл Атамкулова балдарды куттуктап, тарбиячыларга ыраазычылыгын билдирди.

Жыйынтыгында бакчанын директору Гүлмира Далиева бүтүрүүчүлөрүнө куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Жогорку топто жалпы 30бала тарбияланды. Бул туралуу жогорку топтун тарбиячысы Ноорузгүл Токтобекова билдирди.

Даярдаган: Албина Бейшеналиева