"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Эркектер менен аялдардын жер үлүшүнө болгон мүмкүнчүлүгү

23 Июнь 2019 жыл 20:29
Көрүүлөрдүн саны: 46

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-август 1994-жылдагы  №632 токтомунун негизинде ар бир жанга аял эркек дебей бирдей жер үлүшү бөлүнүп берилген

Баары бирдей укукка ээ болгон. Бөлүнөн жерден  атасы кандай жер алса,  уулу, кызы да ошондой жер үлүш алган.Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбековдон “Жер үлүшү кандай бөлүнүп берилген?” деп сураганыбызда төмөндөгүлөрдү айтты: “Мисал үчүн сугат 0,12 сотыхдан, кайрак 0,29сотыхдан, жердин жалпы жер аянтын 25% фондко алып калып, калганын тең бөлүп берген.Аялдардын укугу эркектикиндей эле укугу бар.Эгерде жер үлүшүн сатам десе, бирөөгө дарение кылып, же ижарага берем десе, ал укугу бирдей эле.Кандай иштетсе өз эрки, мыйзамда каралган жер мыйзамын бузбаган тартипте сакташ керек”

“Кыздар жер үлүшүн кантип пайдаланса болот” Сары-Булуң айылдык Кенештин депутаты Ырыс Жумалиевге кайрылдык:

Турмушка чыккан кыздар өзүнөн бөлөк айылга кетип атат.Эми бөлөк жерден жер берилбейт.Мыйзамдын негизинде бөлүнүп калган.Өзүнүн туугандарына белек катары сатып иеби же пайдаланабы өз укугун өзү билиш керек.Андан кийинки 1993-жылдан кийинки азыр 2019-жылга чейинки балдардын жер маселеси чечилбей, жер берилбей келатат.

Эгерде кыз иштебей үйдө отурса, кош бойлуу болгон учурда документ топтоп,  жөлөк пул алганга мүмкүнчүлүгү бар.“Сиздин үй-бүлөдөгү кыздар жер үлүшүн, пайдаланышабы ” бул турасында айыл тургуну Алтынбү Мааткалыкова мындай дейт: Жер үлүшүн негизи турмушка чыгып кеткен кыздар пайдаланса болот. Бирок биздин үй-бүлөдө андай пайланганга шарттары жок.Анткени алар иштешет өздөрү. Ошо менен кетет.Эгерде  кыздарым иштебей үйдө отурса декретке чыкканга же пособье алганга биздин үй бүлөгө келип, үлүштүн документтерин алып барып, пособье же декретный болуп калса чектеп алганга болот, билебиз.

“Эмне үчүн кыздар, жер үлүшүн колдоно алышпайт”деген суроого “Аялдарды коргоо борбору” уюмунун адиси Бакен Досалиева төмөнкүлөргө токтоло кетти.Бул болсо биринчиден салт боюнча менталитетке такап, ата-энелери азыр болсо биз сага сеп берип атабыз деп үлүш жерин бербейт, мыйзам боюнча бериш керек., ошол үлүш жерин алам десе материалдык жагынан кыйналып аткан болсо, ал дагы балдарын багыш керек да.Ошол жерин алмашып, кетсе болот, же болсо сатып, жолдошу барган жеринен, жер сатып алса болот.Бир чети мындай мыйзам бар экенин билишпейт.Көпчүлүгү билишпейт.

Айта кетчү нерсе: Сары-Булуң айыл аймагында жалпы 3455 жаранга жер үлүшү бөлүнүп берилген.Эгерде кыздар, турмушка чыгып кеткен шартта ата-энесине кыздын макулдугу менен алып калууга болот же белек кылып, сатып кетсе укугу бар.

Даярдаган: Албина Бейшеналиева