Айылдык кеңештин депутаттары болгон маселени борборго жеткирүү үчүн келишти
Бул туралуу Тогуз-Торо айылдык кеңештин депутаты Гүлжамал Шайнаева билдирди:“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешке келип, Республика Ата-Журт партиясынын лидери Күрүчбеков Жыргалбеков менен маектешүү болду. Анда болгон көйгөйлөрүбүздү айттык. Аткарылышына жардам берүүнү сурандык.Парламент тв аркылуу ар бир айыл өкмөттөгү чоң көйгөйлөрдү өкмөткө жеткирдик.Бир топ маселелерди жазуу жүзүндө, кайрылуу кат менен калтырдык.Бизге бир маселе болсо да чечилип калса жакшы болмок”-деп оюн айтты Г.Шайнаева.
Тогуз-Торо районунда 5 жергиликтүү айылдык кенештин депуттары бар.
Даярдаган: Албина Бейшеналиева