"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунун 2018-2019- окуу жылынын «Алтын тамга»ээси Бермет Дүйшалиева

24 Июнь 2019 жыл 20:54
Көрүүлөрдүн саны: 100

Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы социалдык тармактарга официалдуу түрдө 2019-жылдын Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Алтын Сертификатка жетишкен окуучулардын тизмесин жарыялаган

Маалыматка ылайык Тогуз-Торо районундагы 2019 окуу жылынын бүтүрүүчүсү №1Тоту Мойдунов атындагы мектептин окуучусу Бермет Дүйшалиева «Алтын тамга» сертификатына жетишкен.

Бермет Дүйшалиева Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылындагы №1 Тоту Мойдунов орто мектебин аяктап жатат.  Биринчи мугалими Назира Арзыбековна. Бүтүрүүчү мугалими Гүлнира Эстебесова.Математика мугалими Айгүл Султангазиева. Орус тил мугалими Аида Абдыкаимовна.Тарых мугалими Жанара Турсунбековна. Химтя мугалими Санвар Жапаровна.
Бермет Дүйшалиева «Алтын тамга» сертификатына кандай жетишкендиги тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:»Менин «Алтын тамга» сертификатына жетишим оңойго турган жок. Бул ийгиликке жетишим үчүн күнү түнү даярдандым десем жаңылышпайм. Бул сертификатка жетишиме чоң салымын кошкон, менин  мугалимдерим, ата-энем, бир туугандарым болду»-деп билдирди Б. Дүйшалиева.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова