"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда “Тим Бил Кемп”лагери өткөрүлдү

28 Июнь 2019 жыл 5:23
Көрүүлөрдүн саны: 75

№1 Тоту Мойдунов атындагы орто мектебинде 6-7-8-класстын окуучулары менен биргеликте 5 күнгө созулуп, Тогуз-Торо районунан 13 мектебинен 50 окуучу катышты

Лагерде окуучуларды окутуу үчүн атайын ыктыярчылар алып, келинген. Бул туралуу лагердин уюштуруучусу Кенжекан Султанбаева мындай деди: “Тогуз-Торо  жергесинин тургуну болом.Ошондой эле  Тим Бил Кемп лагеринин координатору мен Американын чакан гранттары программасынын негизинде ушул 2019-жылдагы Тим Бил Кемр долбоорун уюштуруп жатабыз.Учурда борбор шаарыбыз Бишкектеги Британиялык окуу борборунун тил мугалими болуп эмгектенем.Тим Бил кемп уюштуруу идеясы, бизге Тогуз-Торонун активдүү жарандары биргелешип, аймактарды өнүктүрүү жылдарына карата кандай иш чара өткөрсөк деп, учурдун талабы болгон.

Англис тили, глобалдашуу заманында канчалык окуучуларга, өсүп келе жаткан жаш муундарга кандай керек экендигин сезип, келечегибиз болгон жаш муундарды  жакшы багытта үгүттөйлү деп, учурда Кыргыздагы Тынчтык корпусунун ыктыярчылары менен биргеликте ошол лагерди алып барып жатабыз.Лагерибиз Тогуз-Торо районунун 13 мектебинин 6-7-8-класстын окуучуларынын баардыгын камтыйт.Биз ошолордун арасынан 50 мыкты деген, эң башкысы англис тилинен кызыгуусу артык болгон. Окуучуларды тандап алдык.

Ошондой эле лагерде окуучуларды окуткан америкадан келген ыктыярчы кыргыз аты Темирлан лагерь туралуу төмөндөгүлөрдү билдирди: “Менин кыргыз атым Темирлан.Мен туруктуу Нарын облусунан, Атбашы айылынын четинде жайгашкан. Ак Жар деген айылында жашайм.Кыргызстанда 2жылдан бери жашап жатам. Тынчтык корпусу деген уюмдун ыктыярчысымын.Кыргызстанды аябай жакшы көргөндүктөн.Эгерде өзүмө жаңы жумуш тапсам Кыргызстанда калам.Окуучуларга сабак берем.Аябай активдүу катышып жатышат.Аябай  зээндүу, акылдуу экен”-дейт ыктыярчы.

Лагердин катышуучусу №7Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин 7-классынын окуучусу Чынаркүл Улукбек кызы буларды билдирди: №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин 7-классынын окуучусумун. Бул лагерге биринчи анкета берилди.Анкетадан 150сөздөн турган, 200 сөздөн турган дил баян жазуу болчу.Ошол дилбаяндарды толук жазып, мааниси жакшы болуптур.Жалпы эсептегенде 33балга жетиш керек.Баардыгы жакшы болуп жатат.Мен абдан кубанычтамын.Бул лагерден тил үйрөнүү жана оюн зооктор уюштурулат.Эртең мененкиси келгенде 2саат сабак өтөбүз.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова