"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

№1 Тоту Мойдунов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү

30 Июнь 2019 жыл 19:53
Көрүүлөрдүн саны: 212

Бул туралуу Иманберди уулу Иса атындагы ормо мектебинин мугалими Гүлжамал Шайнаева билдирди

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Табылды Салиманов жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, куттуктоо менен №1 Тоту Мойдунов  атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин артыкчылык аттестатынын ээси Бермет Дүйшалиевага  Артыкчылык аттестат”жана ата энесине “Ыраазычылык кат” тапшырылды.

Ошондой  эле Иманберди уулу Иса атындагы жалпы  билим берүүчү орто мектебинин аттестат тапшыруу аземине райондук мамлекеттик администрация башчысынын 1- орун басары Уланбек Иманбердиев катышып, бүтурүүчүлөргө ак жол каалап куттуктады.

Иманберди уулу Иса  атындагы жалпы  билим берүүчү орто мектебинен жалпы республикалык тестке катышкан 22 бүтүрүүчүдөн, 110 баллдан жогору 12 окуучу  алды , анын ичинен  Тойчубек уулу Эрлан 200 балл, Алмаз кызы Мирзат 194 балл, Акматбекова Жыпариза -192 балл алышып, мектеп администрациясы тарабынан “Ыраазычылык кат “ тапшырылды.

Даярдаган: Альбина Бейшеналиева