"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Батыш Тянь-Шандын геологиялык мурастары жөнүндө китеп берилди

30 Июнь 2019 жыл 20:58
Көрүүлөрдүн саны: 71

2019-жылдын 26-июнунда ГЭФ-ПРООНдун «Батыш Тянь-Шандагы биоартүрдүүлүктү сактоо» долбоору Алексей Дудашвилинин «Батыш Тянь-Шандын геологиялык мурасы — биоартүрдүүлүктү сактоо жана экотуризмди өнүктүрүүнүн негизи» аттуу китеби берилди

Тогуз-Торо районунун билим берүү бөлүмүнө 28 даана, Ч. Айтматов атындагы Тогуз-Торо райондук борбордук китепканасына 18даананы белекке тапшырды.

Бүл китептер менен 13 мектеп жана 8 китепкана филиалы 2 даанадан камсыз болот. Китептерди ГЭФ-ПРООНдун ыктыярчысы Жеңишова Алтынай тапшырды.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова