"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Эмерек дүкөнү ачылганына айыл эли кубанычта

30 Июнь 2019 жыл 18:56
Көрүүлөрдүн саны: 64

Бул эмерек дүконү Сары-Булуң айылында ачылды,бул тууралуу эмерек жазаган Баймырза Куттубек уулу жана эмерек сатып алгандардын бири Жумабай Тыныбеков жана анын жубайы мындай деп билдирди

“Бул эмерек дүкөнү ачылганына аз гана убакыт болду, ушуга карабай эмерек жазатып, алгандар да болуп жатат. Бул жакта көп эмеректер жазалат, айта кетсем жумшак эмеректер,уголок, диван, кресло, эки этажный диван, парта жана башка көп эмеректер жасашат».

Буга заказ берсе ушул жерден жазап беребиз,заказ берүү учүн толук маалымат банерде жазылуу деп билдирди, Баймырза Куттубек уулу жана эмерек сатып алгандардын бири Жумабай Тыныбеков жана анын жубайы, жакшы экен шаардан келгенче мындан көп каражат кетмек жана сынмак жакын болуп калды, эми не дейбиз жакшы болду жазаган балдар өзүбүздүн эле балдар экен.Буга чейин заказ берип бир топ кундон кийин келсе азыр бат эле алынып келип калды.Буга биз эле эмес баардык элдер кубанычта, кандай жакшы,эмерек дукону коп болушун каалар элем деп билдирди Жумабай Тыныбеков жана анын жубайы».

Эмерек дүкөнү ачылганына эки айдын жүзү болду. Бул эмерек дүкөнү мурда райондо гана болгон. Сары-Булуң да эмерек дүкөнү жок болчу.Усталардын оюнда айылды өнүктүрүүнү каалашат жана коңшу айыл аймакка да эмерек дүкөнүн ачсак деген ойлору бар экенин толуктап айта кетти.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова