"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Кызга сеп берилүүдө

30 Июнь 2019 жыл 19:15
Көрүүлөрдүн саны: 229

Сары-Булуң айылында кызга сеп берилүүдө, бул тууралуу ийгилик коперативинин төр айымы ишкананын жетекчиси Тамара Курманалиева жана айылдын тургуну Салтанат Сүйүнбек кызы мындай деп билдирди:

Мен ийгилик коперативинин төрайымы Тамара Курманалиева” өз ишканам бар ал жакта кызга сеп жазап иштейм, бул менин чакан бизнесим кол алдымда төрт келин иштейт.Биз мисалы шырдактын түрүн кийиз иштери боюнча,машиналарга төшөнчүлөрдү,отургучтарга, стулдарга кийизден төшөк жазайбыз жана туштуктарды, курактан, жана башкадан жер төшөктөрдү каалаганындай жазап беребиз.

Күзүндө заказ алып кыздарга сеп жазайбыз септе жууркан, төшөк, жөлөнгүчтөр ошол заказ берген киши кандай десе ошондой жазап беребиз.Бул эле эмес жаныбызда балдар эмерек жазап, иштөөдө,эгер кааласаныздар эмерек кошуп беребиз, азыр көпчүлүгү спальный гарнитур алып жатышат, эгер кааласа сандык же шкафтарга заказ берсеңиздер болот”- деп билдирди Т.Курманалиева

.

Айылдын тургуну бул жердин ачылганы бизге аябай жакшы болду өзүбүз убара болбой заказ берип өз убагында алып алабыз .Азыр заман онугуп убакытыт кетирбей жеңе жууркандан бери ушул жерден жазатып кетүүдөбүз деп билдирди Салтанат Суйунбек кызы.

Бул ишкана он жылдан бери иштеп келе жатат .Буйрутмалар күз айында көп болот.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова