"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Медициналык кызматкерлердин күнү белгиленди

12 Июль 2019 жыл 7:34
Көрүүлөрдүн саны: 103

Тогуз-Торо районуна караштуу А.Сыдыков атындагы маданият үйүндө 7-июль медициналык кызматкерлердин күнүнө  иш чара өттү

Бул туралуу Тогуз-Торо райондук администрациясынын адиси Наргиза Нургазиева билдирди.

Райондук администрациянын башчысынын орун басары Улан Иманбердиев  А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер борборунун жана райондук ооруларды алдын алуу жана МСЭК борборунун кызматкерлерин куттуктады.Мындан сырткары Саламаттык сактоо тармагына кошкон зор салымы, жогорку профессионалдуулугун көрсөткөн, медицина кызматкерлерге ардак грамоталарды тапшырды.

Даярдаган: Албина Бейшеналиева