Баатыр эне ордени жана эне данк медалдары тапшырылды
Бул туралуу Тогуз-Торо райондук администрациясынын социалдык иштер боюнча адиси Наргиза Нургазиева билдирди:
“Тогуз-Торо району боюнча документтери 2018 жылы кетирилип, толук өтүп, 2019 -жылы 16 баатыр эне ордени жана 23 эне данк медалдары келип апаларыбызга райондук маданият үйүндө аким Айбек Кожошов тапшырды. Мындан сырткары ар бир энеге бирден жоолук жана гулдор белекке берилди”.
Эне даңк медалын алган Күмүшкан Чотурова оюн оюн төмөнкүчө айтып өттү:
Мен аябай кубанычтамын.Бизди мамлекет тарабынан колдоп бизге сыйлык берип жатышат.Ушул балдарды канча азап менен багып, өстүрүп жатабыз.Бүгүн акыбети кайтып,сүйүнүп жатабыз”-К.Чотурова
Даярдаган: Альбина Бейшеналиева