"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Коргоо ордери укукту сактоого кепилдик бере алат

18 Июль 2019 жыл 23:01
Көрүүлөрдүн саны: 55
      Korgoo-orderi_Sary-Bulu-

Бириккен Улуттар уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстанда жыл сайын аялдарга жана кыздарга каршы кылмыш жасалат. Ар бир төртүнчү аял күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылат.Жаңы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды коргоо үчүн механизм иштелип чыккандыгы маанилүү

Алгач айыл тургундарына “Коргоо ордери деген эмне” деген суроо менен кайрылганыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти:

“Коргоо ордери эмне экенин билбейм.Жаңы көп терминдер чыгып баштады.Ушул боюнча кеңири түшүндүрмө көбүрөөк айтышса элдер маалымат алышат эле.Билип алышат эле.Менин оюм боюнча”

“Коргоо ордери жөнүндө кичине түшүнүгүм бар.Анткени, коргоо ордери менин оюмча жабыркаган адамга берилет.Анан, жабыркаган адам өзү жашаган аймакта ички иштер бөлүмүнөн ала алат.Коргоо ордери алган адамга мисалы жанына барып, сүйлөгөнгө,денесине тийгенге жана үйүнө киргенге болбойт.Жабыркаган адамга.Коргоо ордери бир айга берилет”.

Эгерде бир адамга карата зомбулук көрсөтүлгөн болсо анда ички иштер министрлиги тарабынан зомбулук көргөн адамга жакындабасын деп, зомбулук көрсөткөн адамга коргоо ордери деп аталган документ берет.Зордукчунун, жапа чеккен адам менен болгон байланышына чектоо коюп, жабырлануучуну коргойт”

Уй-бүлөлүк зордук зомбулукту  алдын алыш үчүн коомдук уюмдар акыл насаатын айтып, ар тараптан колдоп туруу керек.Эң негизги үй-бүлөдө бири-бирин түшүнүп, туура мамиле жасаганды үйрөнүү керек –деген сөзүн  Тогуз-Торо районуна караштуу Каргалык айыл аймагынын Аксакалдар кеңишинин төрагасы  Жапаралы Казыбаев айта кетти:

Бир семья болгондон кийин  ынтымагы болуш керек.Анан бири-бирине түшүнүш керек. Анан кээде болбогон жерден, ушак айыңдан ар кандай кептерден үй-бүлөлүк зордук зомбулуктар чыга түшөт.Бири-бирин туура түшүнүп туруп, анан туура мамиле жасаш керек.Турмуш акыбалы бузулуп кетпеш үчүн ага барып, коомдук уюмдар кеңешин айтып,  тарбияласа болот.Коомдук жайларда, коллективде дегендей. Мисалы мындай иш чараларды биз көп эле маселе кылып, айтып жүрөбүз. Аксакалдар кеңеши”.

Коргоо ордери- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга мамлекеттик коргоо берүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата мыйзамда аныкталган таасир этүү чараларын колдонууга алып келүүчү документ. «Коргоо ордери деген эмне?Кимди коргойт?Кимдерге кайрылуу керек? Ушул суроолорго жооп алуу үчүн ”Аялдарды коргоо борбору” уюмунун адиси Бакен Досалиевага кайрылдык:

“ Коргоо ордери деген азыр үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо мыйзамы чыккан 2017-жылы.Ошол мыйзамда зордук-зомбулук болгон жерде аялга карата зордук-зомбулук, өзгөчө аялга карата зордук зомбулук, балдарга карата зордук зомбулук болгон болгон жерде жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, өкүлү деп аталат. Мурда участкалык инспектор дечибиз.Коргоо ордерин бере алат.Зомбулук жасаган адам үй ээсине болгонуна карабай ошол үйдөн чыгартылып салат.Соттун чечими чыкмайынча 5-6 ай болуп кетеби канча болуп кетет.Ошол үйгө кирүүгө акысы жок болуп калат”

Коргоо ордери 3 күн күчүндө турат. Бирок аны 30күнгө чейин  узартып алса болот.Коргоо ордери сиздин укугуңузду сактоого кепилдик бере алат.

Даярдаган: Албина Бейшеналиева