"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Колду таза жууйбуз” аттуу семинар өткөрүлдү

30 Июль 2019 жыл 20:58
Көрүүлөрдүн саны: 142

Бул иш чара райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан уюштурулуп, бакчанын жогорку топтун тарбиялануучулары менен бирдикте өткөрүлдү

“Күнчубак” балдар бакчасынын медайымы Султанбекова, бакчанын жогорку топтун тарбиячысы Ноорузгүл Токтобекова тарбиялануучулар менен бирдикте колду таза жуу жөнүндө бий бийлешти. Андан соң,  колду жуу ыкмалары жөнүндө  райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан келген адис Анара Атыканова маалымат берди.

Тарбиялануучу Аделина Бейшеналиева: “Колду таза жууш керек. Жуубаса микробдор жугат экен.Дайыма колду таза жууса, ден-соолукка пайдалуу экен”-дейт А.Бейшеналиева.

Бул туралуу жогорку топтун тарбиячысы Ноорузгүл Токтобекова билдирди.

Даярдаган: Албина Бейшеналиева