“Биздин айыл”аттуу долбоорунун алкагында айыл аймакка келип,элибиздин жашоо шартын, маданиятын, каада-салтын, айыл өкмөтүндө кандай иш чаралар аткарылды. 2күндүк иш сапарда ушуларды чагылдырып кетти

Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын тургуну, “Саймалуу-Таш” жаратылыш паркынын бөлүм башчысы Эмил Жумабаев билдирди:”Биздин айылга келип, айылыбыздын жашоо шартын, айыл өкмөттүн иштерин, жаштардын коомчулукка иштери кандай болуп жатат ошолордун баардыгын тең тартып кетишти.Ушундай баардык айылдардын жакшы самалыктары, алдыга чыгып турса, биздин мамлекетибиз, гүлдөп өнүгүп өсөт деп толук ишенип кетем”:-оюн билдирди Э.Жумабаев.

“Седеп” балдар бакчасынын тарбиячысы Сүйүнбек кызы Салтанат оюн төмөндөгүчө айтып өттү: “ЭЛТР каналы биздин бакчага келип, кабинеттерди, бакчанын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты».

Сары-Булуң айыл аймагынын жоопту катчысы: Асылкерим Кыдыков: “Айылдын кандайча аталганын, санжырасын, мектептип курулганы боюнча, кимдер директор болгон, айылдан чыккан көрүнүктүү инсандар тууралу элдер билгенин айтып беришти”.

Жыйынтыгында ЭЛТР каналынын кызматкери Сыргабек Семетеев: “Өзүбүздүн кызматтык иш сапарыбыз менен Кара-Суу айылына келдик.“Менин айылым” көрсөтүүсүнө кесиптешим Эмилбек Сатаров жана Эрбол Дүйшенкулов жана ошондой эле Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошовго, Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Амангелди Токтоналиевге ыраазычылыгын билдирди”.
Сары-Булуң айыл аймагына Кара-Суу, Табылгыты, Сары-Булуң айылдары карайт. Негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет.
Даярдаган: Назгүл Шадыбекова