Облус башчысы аталган райондун Сары- Булуң айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектептин курулушу менен жеринен таанышты

Эмгек жамаат Кыянбек Сатыбалдиевге мындан 7 жыл мурда курулуш иштери башталып, акча каражатынын тартыштыгынан курулуш иштери бүтпөй жатканын айтышып, бул маселени чечип берүүсүн суранышты. Өкүл бул жагдай боюнча тийиштүү тарапка кайрыларын айтты.

Бул туралуу №7Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин директору Венера Эпеева билдирди.
Даярдаган: Албина Бейшеналиева