"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн укту

8 Август 2019 жыл 13:44
Көрүүлөрдүн саны: 60

 Ыйгарымдуу өкүл райондун аймагындагы жергиликтүү тургундар менен областык деңгээлдеги жетекчилер, министерстволордон, департамент башчылары менен бирдикте жолугушуу өткөрдү

Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев өз сөзүндө  жергиликтүү тургундарга кайрылды:“Бүгүн биз эркин микрофон коебуз.Сөз берилбейт, суроо берилбейт деген болбосун.Бизге ачык айкын, ушул жерден айтылсын. Баардыгы тең сүйлөсүн.Биз сиздерди укканы келдик.Бизди укпай эле койгула, бизден ишти талап кылгыла”,-деди К.Сатыбалдиев.

Райондогу жүрүп жаткан иштер менен таанышкан соң өкүл жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Жыйынга КРнын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев жана 400гө чукул эл катышты.

Анда жашоочулар таза суу, эскилиги жеткен көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын алмаштыруу, тоют топтоо маселеси жол курууда айрым кемчилдиктерди  көтөрүштү.Эл козгогон маселелерге жеринде тийиштүү адистер жооп беришти. Ал эми облус башчысы эл көтөргөн көйгөйлөрдү жоюууда  тийиштүү тараптарга кат жүзүндө кайрылып, маселелердин чечүү жолдорун өз көзөмөлүнө аларын баса белгилеп өттү.

Даярдаган: Албина Бейшеналиева