"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Жашы жете элек өспүрүм кыздардын мигрант болуп кетүүсүнүн себеби эмнеде?

18 Август 2019 жыл 14:26
Көрүүлөрдүн саны: 58

Кыргызстандан чыккан эмгек мигранттарынын арасында кыз-келиндер басымдуу болуп жатканын белгилешүүдө. Айрыкча мектепти бүтүп-бүтпөй эле кыздар сыртка кетип жаткан көрүнүш күч алууда.

Кыз-келиндер сыртка көп кетип жаткан көрүнүштүн социалдык-демографиялык кесепеттери, коомчулукту кабатыр кылууда.

Көбүн эсе социалдык абалы оор, көп балалуу аз камсыз үй-бүлөлөрдүн кыздары барып жатышат-дейт айыл тургуну Болот Отунчиев:“Үй-бүлөөсү шарты начар катаал болгондуктан, ата-энесинин тапкан айлыгы эч нерсеге жетпейт. Ошол себептен, аргасыздан кызын чет өлкөгө жиберүүгө дуушар болуп жатат.Элди кызматка орноштуруу,иштерди таап берүү жагы да, биздин мамлекетте жетишсиз”

Акыркы жылдары ата-энесин багуу үчүн бешиктен бели чыга элек өспүрүм кыздар да чет өлкөгө иштегени кеткен учурлар көбөйдү. Мектеп курагындагы 12 жаштан 16 жашка чейинки кыздар көбүнчө бала багуу үчүн кетип жатышат. Бирок, өзү бала болуп, туруп бала багып иштөө кыздардын психикасына терс таасирин тийгизүүдө, деп укук коргоочулар коңгуроо кагышууда.

Тогуз-Торо администрациясынын социалдык  коргоо боюнча жетектөөчү адиси  Марлис Олжотоевдун айтымына караганда райондо миграция боюнча иш чаралар түзүлүп,балдар жана ата-энелер менен бирдикте жыйындар өткөрүлүп турат.

Дегеле, миграция боюнча биздин районубузда, комплекстүү жумушчу топ түзүлгөн.Ошол жумушчу топ жеринде ар бир мигрантта жүргөн, же болбосо сырт жакка чыгып кеткен, ушундай маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин, балдарга жана тиешелүү ата-энелерине, жакын туугандарына, кеңири көптөгөн иш чаралар өткөрүлүп, ар бир айылдарда чогулуштар өткөрүлгөн.

Ал арада мыйзамга ылайык Кыргызстанда 1-9-класска чейинки билим алуу милдеттүү түрдө экени маалым.Андыктан чет өлкөгө кетип жаткан мектеп курагындагы кыздар, мугалимдин көзөмөлүндө болушу керек.Окуучулар кантип кетип калып жатышат?Мугалимдер көзөмөлдөбөй жатышабы? бул туралуу  Сары-Булуң айыл аймагына караштуу №7 Таштемир Сатыбалдиев жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Миргүл Какаева

“Окуучулардын кыймылы боюнча  ар чейрек сайын отчеттор алынып, райондук билим берүү бөлүмүнө отчет берилип турат. Бүгүнкү күндө окубай калды деген фактылар жок. Качан гана окуучу мектептен кийин биз 1жуманын ичинде тактама талап кылабыз.Эгерде сыртка Россияга, Казакстанга чыгып кеткен окуучу боло турган болсо анда соц педагог менен биргеликте айыл өкмөтүндөгү соц кызматкери менен ата-энесинин жоопкерчили суралып, ата-эне менен бирдикте жооп берилет”,- деп билдирди.

Гендердик эксперт Гульнара Ибраева  Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк саясатты  өзгөртүү керек.Ата-энелер, миграцияда жүргөн балдары менен үй-бүлөнүн муктаждыктары жөнүндө гана талкуулашат. Ал эми, балдардын ички дүйнөсү, башка ой пикирлер жөнүндө таптакыр жокко эссе.Көбүнчө, кыздары чоңоюп, бой жетип, күйөөгө чыкканча батыраак пайдасын көрөлү деген ойдо.Андыктан үй-бүлөдө, мектепте, балдарга тарбияны күчөтүү, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу, мигранттардын турмушунун оош-кыйышы жөнүндө агартуу иштерин жүргүзүү керек деп кабатыр.

Жаш өспүрүм балдар деле, кыздар деле барганы бул негизи жанагы эмгек кодекстин бузулушу, бул баланын окууга болгон укугу бузулууда.Саясий анан социалдык маселе деп табыш керек дагы.Окутуу менен агитация жүргүзүү менен өзгөртсөк болот.

Мыйзамга ылайык, ар бир бала билим алууга, үй-бүлөдө жашоого жана ата-энесинин камкордугунда болууга укугу бар! Балдар кодексинин 15-беренесине ылайык: “Баланын ден-соолугуна коркунуч туудурган же болбосо билим алуусуна тоскоолдук болгон жумуштарга баланы кабыл алууга же аткаруу үчүн тартууга тыюу салынат”.

Даярдаган: Анара Мааметова