"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородогу Саймалуу Ташты ЮНЕСКОго киргизүүгө өбөлгө

28 Август 2019 жыл 15:47
Көрүүлөрдүн саны: 154

2019-жылдын 24-августунда, Тогуз — Торо районунда  «Тогуз -Торо районунун жаратылыш  парктары маданий мураска ээ» аттуу инвестициялык форум өткөрүлдү

Форумга райондук администрация, маданият бөлүмү , Ч.Айтматов атындагы райондук китепкана кызматкерлери, музей,искусство мектеп жамааты, айыл өкмөттөр жана мекемелер менен биргеликте катышышты. Бул иш чара республикалык денгээлде болуп, меймандарда чакырылды. Инвестициялык форумга  айыл аймактардагы аялдар кеңеши кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн жана мастер класстарды  уюштурушту. Бул  тууралуу форумдун уюштуручусу, “Тогуз-Торо жаштар уюмунун” төрайымы Эльвира Жаныкеева төмөндөгүлөргө токтолду:

“Саймалуу-Таш боюнча иш чараны биз былтыртан бери уюштуралы деп жүргөнбүз. Биздин негизги максат  атайын ушу Саймалуу Ташты ЮНЕСКОго киргизүү болгон. Ошол  үчүн  ушул иш чараны баштаганбыз. Азыркы учурда ишибиз ийгиликтүү уланып жатат. Бизге коноктор жети облустан келди. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн мүчөлөрүнөн, андан сырткары  Жалал-Абад облусунун 8 район,  4 шаарчасынан  атайын жаштар конокко чакырылып жана  ар кайсы райондордон зам акимдер келип конок болуп катышып жатышат. Илимий  Конференцияда Резолюцияны да кабыл алдык, Саймалуу Ташты ЮНЕСКОго киргизүү боюнча”,-деп билдирди Э.Жаныкеева

Ал эми Саймалуу Таш  мамлекеттик жаратылыш паркынын бөлүм башчысы Эмил Жумабаев  форум тууралуу мындай деди:

“Бүгүнкү 23-24-августь күнү өткөрүлгөн бул иш чаралар биздин районубуздун жаштарынын демилгеси менен, жаштардын аракети менен өткөрүлүп олтурат. Андан сырткары ушул 23-августь күнү Саймалуу Таш мамлекеттик жаратылыш паркынын өзүндө  конокто болушту”,-деп билдирди Э.Жумабаев

Инвестициялык форумга чакырылган коноктордун бири , белгилүү актер Бектемир Мамаюсупов  форум тууралуу өз оюн айтты:

“Биз жаштар форумуна катышып келе жатабыз. Азыр Тогуз-Торо районуна келдик, Казарман жергесине. Саймалуу Ташты биз дүйнөгө таанытып, Казарманда, Тогуз-Торону эле эмес Кыргызстанды байытыш үчүн, туристтерди өзүбүзго тартуу үчүн атайын форумга келгенбиз”-дейт Б.Мамаюсупов.

Ош шаардык жаштар иштер боюнча комитетинин төрагасы Изатбек Бекмаматов төмөнкүлөрдү айтты:

“Тогуз-Торо районунда тарыхый, руханий, маданий Саймалуу Таш деген обьект бар экен. Бул биздин ата-бабаларыбыздан калган мурас. 3000 метр бийиктикте жайгашкан таштардын өзүнө алып барып көрсөтүп келди бизге. Тогуз-Торо райондук администрациясына жана Тогуз-Торо жаштар кеңешине терең ыраазычылык  билдиребиз. Форумда көптөгөн жакшы идеялар айтылды. Ошол жерге “Канатная дорога” куруу идеясын бердим. Себеби чыгып түшүүгө аябай көп убакыт кетет экен”,-дейт И.Бекмаматов.

Табышмактуу, сырдуу Саймалуу Таш тарыхый эстелиги тогуз жагы тоолор менен курчалган Тогуз-Торо өрөөнүнүн Сузак жана Өзгөн райондору менен чектелген түштүк  батыш бөлүгүнөн орун алган.

               Даярдаган: Нуриза Рыскулова