"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Акысыз көчмө мобилдик клиникасы Сары-Булуң айыл аймагында

31 Август 2019 жыл 19:58
Көрүүлөрдүн саны: 70

Кара-Суу, Табылгыты айылынын тургундары мобилдүү клиникадан, акысыз медициналык кароодон өтүштү

Бул тууралуу айылдын медайымы Жамал Мамытбекова билдирди: “Негизинен, кардиолог, гинеколог, терапевтьтер келип, анализ алышып, кеңештерин беришти. Алыскы айылдардагы жашаган калктын ден-соолугуна кам көрүү максатында акысыз кароо болду”-деди Ж.Мамытбекова.

Жергиликтүү тургундары кезекке туруп, ден-соолуктарын текшертип, алышты. Жалпы 120 адам медициналык кароодон өткөрүлдү.

Даярдаган: Албина Бейшеналиева