"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Кайнене келин мамилеси

31 Август 2019 жыл 20:26
Көрүүлөрдүн саны: 85

Келин – башка бир бүлөгө келген кечээги кыз бала. Кечээки ойноп жүргөн кыз баланын бир күндө келин аталып жат журтка көнүп кетүүсү өтө кыйын. Мына ошол кезде жаш келин тарапка көз да көп, айтылуучу сын, сөз да көп болот эмеспи

Келин – келген жердин тукумун улоочу. Ага биринчи кезекте болочок эне катары караш керек. Келинди убактылуу күч катары кароо – бул, тайкы көз караш.

Келин барган үйдүн оокатын өзүнүкү деп билиш керек. Кайненем үчүн жасап жатам дебеш керек. Ал ошол жерди ээлеп калат, кайра ошого аракет кылыш керек. Өзү да келин күтөт, кайненесин кастарласа, аны да келечекте келини, уулу сыйлайт-дейт айыл тургуну Бермет Султаналиева:

“Кайнене менен келиндин ортосунда сый мамиле болуш кайненеңди өз апаңдай кылып, сыйлап, урматтап, барктасан.Кайнене деле өз апаңдай болууга аракет кылат.Ал жолдошуңдун апасы болгондон кийин, жолдошуңду кандай сыйлап, жаныңда жакын болуп жүргөндөн кийин апасы да ошондой жакын болушу керек”-деди Б.Султаналиева

Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылынын тургуну кайнене Тамара Токтоналиеванын айтымына караганда: “Кайнене, чоң үйдүн куту болгону менен, келин дагы кичинекей жаңыдан уюшулган очогунун куту.Ошол кутту сыйласаң эле сый көрөсүн. Кайнене эң биринчиден түшүнүш керек да, баланы төрөйбүз, багабыз.Бирок, эч качан балаңа  жубай боло албайсын.Балаңдын кызыкчылыгы менен дагы эсептешиш керексиң.Балаңа ошол жактыбы, ошол жубайы балаң аны сыйлап, аткандан кийин келин да өз баласындай кабыл алыш керек.Себеп дегенде балаң өзүңдүн бала келин деле өзүңдүн балаңдан эч айырмасы жок”

 

2017-жылы Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктан сактоо, коргоо мыйзамы чыккан.

Эгерде келген келиндин  кайын журту түшүнүксүз болсо,күйөөсүнөн дагы зомбулук көрөт.Кайын энесинен, кайын сиңдилеринен зомбулук көрүшү мүмкүн.Ошон үчүн келинге зордук зомбулук кылсак, ал келинден кандай жакшылык күтөбүз.Кандай үй-бүлө мүчөсү болуп чыгат.Ошону да ойлонуш керек деп кабатыр «Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси Бакен Досалиева: “Азыркы учурда  Бириккек Улуттар уюумунун аялдар агенттиги тарабынан уюуштурулуп  ГАЛС методикасын жайылтылып атат. Ошол «Гендердик сезимтал иш аракеттердин  анализи” деп аталат. Ошол Кыргызстандагы кайнене келин мамилесин оңдоого, үй-бүлѳдѳгү күйѳѳсү менен келиндин мамилесин оңдоого багытталган .Ошону колдонуш керек да

Урматтоо, бири-биринин тандоосун сыйлоо деген бир катар баалуулуктарды эстен чыгарбоо абзел.Ошондуктан бири-бирин түшүнүп, жакшы көрүп, тагдыр берген жакшылыктарды алып жашаганга аракеттенип, максат кылып жашаш керек.

 

Даярдаган: Анара Мааметова