Тогуз- Торо райондук профсоюз уюму тарабынан каржыланып, 30 окуучу Жалал Абад облусундагы Арсланбобго барышты
N11 Саймалуу-Таш жалпы билим беруучу орто мектебинде англис тили предмети боюнча мугалим Айзада Нурбекова мектеп окуучуларын жетектеп барып, төмөнкүлөргө токтолду: “ 10күндүк эс алуубуз аябай жакшы өттү. Балдарга да жакты деп ишеничтуу айта алам. Күнүнө ар кандай конкурстар болуп жатты. Балдар активдуу мактоо баракчаларына ээ болуп келишти”-деп билдирди.
Лагерге катышып келген Жаамин Иниятов кайрылганыбызда төмөнкүлөргө токтолду:“Лагерь абдан жакты. Жакшы эс алдык. Көп эле жакшы күндөр өттү. Биз ар кандай оюндарга активдүү катыштык. Мен дагы интермедияга катышып, кыздын ролун аткарып, окуучуларды аябай күлдүрдүм”,-деди Ж.Иниятов
Даярдаган: Албина Бейшеналиева