"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Көптөн күткөн жаңы мектеп ишке кирди

4 Сентябрь 2019 жыл 21:48
Көрүүлөрдүн саны: 108

Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында жайгашкан №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин көптөгөн убакыттар бою бүткөрүлбөй келген имараты 2019-окуу жылында ишке берилди.

Жаңы имараттын 70 пайыз толугу менен бүткөрүлгөн. 2019-жылдын 2-Сентябрында №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин жаңы имаратын ачуу аземи болуп өттү.

Мектепти ачуу үчүн 300гө чукул коноктор чакырылган.Коноктор Тогуз-Торо райондук администрациясынан, мекеме жетекчилер, айылдык кеңештин депуттары,айыл тургундары чакырылган.

Мектепти ачуу салтанатынын жүрүшүндө мектеп окуучулары обондуу ырларды ырдап, бийлеп жана коңгуроо кагуу аземи менен коштолду.


Бул тууралуу мектеп директору Венера Эпеева төмөнкүлөрдү билдирди: «Мектеп толук бүткөрүлбөсө дагы быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата мектептин техникалык базасын чыңдоо максатында айыл тургундарынан, демөөрчүлөр тарабынан 10 кабинет толугу менен бүгүнкү күндүн талабына ылайык жасалгаланып, техникалык каражаттар менен жабдылып,камсыз болду”,-дейт В.Эпеева.

 

Даярдаган: Нуриза Рыскулова