"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо эгемендүүлүк күнү белгиленди

4 Сентябрь 2019 жыл 20:50
Көрүүлөрдүн саны: 44

Иш чарага  жергиликтүү тургундар, мекеме жетекчилер катышып, патриоттук ырлар тартууланды

Райондун акими Айбек Кожошов эгемендүүлүктүн 28жылдык мааракеси менен куттуктады. Экинчи бөлүгү сыйлык тапшыруу менен коштолуп, өлкөбүздүн жана районубуздун социалдык-экономикалык жактан өсүшүнө салым кошкондор Жалал-Абад облусунундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Тогуз-Торо райондук администрациясы тарабынан “Ардак грамоталар”,”Ыраазычылык каттар”, мындан сырткары райондук “Ардактуу атуулу” наамдары ыйгарылды.

Спорттун эркин күрөш түрү боюнча уюштурулган иш чарага районубуздун ар кайсы айылдарынан спортчулар келип катышты.Мелдешке жалпы 17 спортчу катышып, жыйынтыгында 1-орунду Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн спортчусу Эрлан Бектеналиев, 2-орунду Каргалык айыл өкмөтүнүн балбаны камсыздалды.Үчүнчү орунга Талайбек уулу Кожогелди Тогуз-Торо айыл өкмөтү,төртүнчү орунга  Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн балбаны Шерболот Бердибековдор ээ болушту.Жеңүүчүлөр “Ардак грамота” жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Даярдаган: Жазгүл Машаева