Тоту Мойдунов мектебинин кичи футбол аянтындаТогуз-Торо районундук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбеков тарабынан областтык деңгээлде уюштурулган футбол мелдеши болуп өттү
Бул туралуу райондук Жеңиш туусу редакциясынын кабарчысы Жазгүл Машаева билдирди.
Оюнга Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сот кызматкерлери арасындагы ынтымакты бекемдөө, ден-соолукту чыңдоо максатында 6команда катышты.
Райондун акми Айбек Кожошов, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Калыбековдор оюндун ачылышын ачып, райондордун ортосундо спорт тармагын көтөрүү, жаштарды ынтымакка, биримдикке чакырып,оюнчуларга ийгилик каалашты.
Жыйынтыгында 1-орунга Сузак командасы медаль кубок,1-даражадагы диплом 5 миң сом,2-орунга Кара-Көл командасы 2-даражадагы диплом 3миң сом, 3-орунга Жалал-Абад командасы медаль 3-даражадагы диплом 2миң сом жана Кара-Көл командасынан “Мыкты дарбазачы” Темирбек Иманбеков,Сузак командасынын “Мыкты чабуулчу” Кыял Нурбеков, Жалал-Абад командасынын “Мыкты коргоочусу” Абдыжалил уулу Медер Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Даярдаган: Жазгүл Машаева