"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо карылар күнү белгиленди

2 Октябрь 2019 жыл 21:18
Көрүүлөрдүн саны: 85

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде «1-октябрь Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө» карата районубуздун бардык айыл аймактарында бекитилген иш-чарага ылайык иш-чаралар уюштурулду.

Иш-чарага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.К.Кожошов, акимдин орун басары Г.А.Султангазиева жана айыл өкмөт башчылары катышып,улгайган адамдарга каалоо тилектерин айтышты.

 

Сары-Булуң,Тогуз-Торо,Атай жана Көк-Ирим айылдык аймактарынын башчылары жана айылдан чыккан чыгаан балдардын колдоосу менен ар бир айылдарда карыялар үчүн сый тамак уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Мындан сырткары карыларга сыйлыктар тапшырылып,концерттик программалар тартууланып, жалпы район боюнча 2000 ден ашуун улгайган жарандарыбызга сый тамак уюштурулуп берилди. Иш-чараларга жалпы 300 миң сомдук акча каражаты уюштуруучулар тарабынан жумшалды.

Бул туурасында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Алмаз Калманбетов билдирди.

Даярдаган: Альбина Бейшеналиева